АКИpress - Кыргызстандык спортчу Аделя Асылбек кызы эл аралык бокс мелдешинде 2-орунду ээледи. «Montenegro Elite Cup» мелдеши 15-21-мартта Черногориянын Будва шаарында өттү.
Асылбек кызы 57 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/2 финалдан беттешип баштады. Ал финалдык беттеште Сербиянын өкүлүнө жеңишти алдырды.
Ошондой эле бул мелдешке Милана Шихшабекова жана Нурайым Осмонова да катышкан. Алар алгачкы беттештерде эле утулду.