17:24, 24-март, 2026

Чүйдө капиталдык оңдоодон кийин 100 орундуу төрөт үйү ачылат

На русском
13:33, 24-март, 2026 256

АКИpress - Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов 22-мартта иш сапарынын алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылына барды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө министр мурдагы оорукананын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты, ал аяктагандан кийин 100 орундуу облустук төрөт үйүн ачуу пландалууда.

Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору Алмаз Аскаровдун маалыматы боюнча, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн турукташтыруу фондунан каражат бөлүнгөн, иштерди ушул жылдын ноябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча болуп иштеген имаратта жайгашкан, бул толук кандуу адистештирилген медициналык жардамды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»