АКИpress - Бишкек шаарында Россия Федерациясында мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракети токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Тактап айтканда Кадырбай-Ата көчөсү 1 дарегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында ишке орноштурууга багытталган мыйзамсыз иш уюштурулган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу үчүн тиешелүү уруксат жок экени аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ИИМнин кызматкерлери тарабынан административдик протокол түзүлдү», - деп айтылат расмий маалыматта.
Ошондой эле Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтерин текшерүүгө чакырды.