АКИpress - Иран парламентинин төрагасы Мохаммадбагер Галибаф АКШ менен сүйлөшүү болгонун четке какты. Ал мындай маалыматтарды фейк деп атап, алар каржы жана мунай базарына таасир этүү үчүн таратылып жатканын билдирди.
Буга чейин Трамп «жемиштүү сүйлөшүүлөргө» байланыштуу Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну беш күнгө жылдырганын жарыялаган.
Трамп аталган сүйлөшүүнү Иран тарап өзү демилгелегенин айткан.