14:40, 24-март, 2026

Бишкектеги Түштүк магистралдын бир бөлүгү 11 саатка жабылат

На русском
10:07, 24-март, 2026 438

АКИpress - 25-мартта саат 19:00дөн тарта 26-мартта саат 06:00гө чейин Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул убакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүрөт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»