13:09, 24-март, 2026

Эркиндик бульварындагы дарактар кыйылбайт, - мэрия

На русском
09:39, 24-март, 2026 335

АКИpress - Бишкек мэриясы социалдык тармактарда Эркиндик бульварындагы бак-дарактар массалык түрдө кыйылып жатат деп тарап жаткан маалыматты төгүндөдү.

Мэриянын басма сөз кызматы 23-мартта билдиргендей, бактарга номур коюу аларды кыюу үчүн эмес, шаардагы бак-дарактардын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн жасалууда. Ар бир бакка өзүнчө номур берилет.

Маалыматка караганда, шаарда бардык бактардын электрондук базасы түзүлүүдө. Анын алкагында ар бир бакка түрү, жашы, бийиктиги, сөңгөгүнүн диаметри жана абалы көрсөтүлгөн өзүнчө «паспорт» даярдалат. Бул иштер бактарды эсепке алуу, аларды кароо, дарылоо жана авариялык абалдагы бактарды өз убагында алмаштыруу үчүн керек экени айтылды.

Долбоорду «Санариптик технологиялар борбору» иштеп чыгууда. Ал эми иштерди «Бишкек жашыл курулуш» жана тиешелүү кызматтар борбор калаанын бардык сейил бак, скверлеринде жүргүзүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»