АКИpress - Сот адилеттиги кеңеши 18-мартта жергиликтүү соттордогу бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун алкагында компьютердик тестирлөөнү жыйынтыктады.
Алгач сынакка катышууга 265 талапкер документ тапшырган. Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгында 4 талапкер кийинки этапка өткөн эмес. Дагы бири талапкер болуудан баш тарткан.
Жыйынтыгында 138 талапкер компьютердик тестирлөөгө чакырылып, 73 катышуучу белгиленген чектен өттү. Ал эми 9 талапкер белгисиз себептерден тестирлөөгө катышкан эмес.