АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов беларус чемпионатында Минсктин «Динамо» командасы үчүн алгачкы оюнунда гол киргизди.
Жогорку лиганын жаңы сезонунун биринчи турунда динамочулар конокто «Славия» менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Алыкулов негизги курамда оюнга чыгып, 28-мүнөттө эсепти теңдеди.