00:00, 24-март, 2026

Аравандагы депутат көмүскө кумар оюндарын ойноочу жай уюштурган

На русском
16:44, 23-март, 2026 519

АКИpress - Араван районунда айылдык кеңештин депутаты тарабынан уюштурулган кумар оюндарын ойноочу жай аныкталды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген ишмердүүлүккө бөгөт коюлду.

«Аталган жарандар Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албай жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар оюндарын ойноочу жай уюштурушкан.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылды.

Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу беренеси боюнча айыпталып, 19-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»