19:34, 23-март, 2026

«Кыргызнефтегаздагы» коррупцияга тиешеси бар делгендер тергөө абагына киргизилди

На русском
15:23, 23-март, 2026 754

АКИpress - 19-мартта Биринчи май райондук соту «Кыргызнефтегаз» ААКдагы коррупцияга шектелген жарандарды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4 жаран 16-майга чейин 21-тергөө абагына киргизилди.

Алар:

  • 1983-жылы туулган Н.Н.— «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы;
  • 1980-жылы туулган А.Р.  — «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана байланышы бар компаниялардын биринин директору;
  • 1988-жылы туулган А.Н. —  байланышы бар компаниялардын биринин директору;
  • 1990-жылы туулган М.Б. — байланышы бар компаниялардын биринин директору;

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы «Кыргызнефтегаздагы» коррупция боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Анда ишкананын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, ортомчулар жана сырьелорду негизсиз эсептен чыгаруунун натыйжасында компания 4 млрд сомдон ашык чыгымга учурашы мүмкүн экени айтылган. 2021-2025-жылдардагы операцияларды талдоо көрсөткөндөй, пайданы менчик түзүмдөргө чыгарып кетүүнүн 3 түрү аныкталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»