19:34, 23-март, 2026

УКМКнын Маалыматтык коопсуздук борбору жаңы имараттуу болду

На русском
15:10, 23-март, 2026 304

АКИpress - Бүгүн, 23-мартта "Маалыматтык коопсуздук борбору" мекемесинин административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Борборду түзүү заманбап глобалдык чакырыктарга жооп болуп саналат жана улуттук киберкоопсуздук системасын жана өлкөнүн бүтүндөй санариптик инфраструктурасынын коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелет. Мекеме өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.

Борбордун негизги тапшырмалары:

Мамлекеттик сектор үчүн менчик программалык жана аппараттык чечимдерди иштеп чыгуу, ошондой эле аларды сертификациялоо жана колдоо,

Мониторинг жүргүзүү жана ыкчам жооп кайтаруу,

Чечимдерди иштеп чыгуу: Мамлекеттик жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди түзүү,

Экспертиза: Мекемелердин аракеттерин координациялоо жана коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо, 

Инфраструктура жана мүмкүнчүлүктөр:

Объект заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен жабдылып, эксперттердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга гана эмес, республиканын критикалык мааниге ээ санариптик кызматтарынын туруктуулугун камсыз кылууга да мүмкүнчүлүк берет», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»