АКИpress - Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына катышат.
2026-жылкы турнир 28-марттан 11-апрелге чейин Моңголияда өтөт.
Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргойт. Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатына даярдык катары Кытайда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүштү.
2024-жылы IBA боюнча өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы эки коло медаль уткан. Ал кезде Рыспек Бектенов (60 кг чейин) жана Мирзахид Имамназаров (63,5 кг чейин) байгелүү орундарга ээ болушкан.