АКИpress - 26-мартта шаардын борбордук бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Суу эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объекттеринде болбойт.
Суу өчүрүлө турган аймак:
Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген тилке.
Бул чектөөлөр «Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштерине байланыштуу.