21:50, 23-март, 2026

Гавайиде 20 жылдагы эң катуу суу ташкын миңдеген тургундарды электр энергиясыз калтырды

На русском
13:25, 23-март, 2026 309

АКИpress - Гавайи аралдарында акыркы 20 жылдан берки эң катуу суу ташкыны болуп, 2000ден ашуун тургун жарыксыз калды. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги жазды.

Табият кырсыгынын чыгымы 1 миллиард долларга бааланды. Суу каптаган аймактардан 200дөн ашуун адам куткарылды. Каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.

Аралдын 95% калкын электр энергиясы менен камсыз кылган «Hawaiian Electric» компаниясынын бригадалары авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда 1200 тургундун үйүнө жарык берилди.

Губернатор Жош Гриндин айтымында, ураган Мауи аралындагы аэропорт, мектеп, жол, үйлөрдү жана ооруканаларды жабыркаткан. Аткаминерлер 120 жылдык Вахиава дамбасы бузулуп кетиши мүмкүн деп кооптонушкан, бирок учурда суунун деңгээли төмөндөй баштады.

Метеоролог Мэтью Фостердин пикиринде, эң кооптуу бороондор артта калды. 25-мартка карата аба ырайы кургак болору күтүлүүдө. Эксперттер белгилегендей, глобалдык жылуулуктун таасиринен улам Гавайиде нөшөрлөгөн жамгырдын күчү жана жыштыгы кескин өстү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»