00:54, 24-март, 2026

Ачык унаалардан акча, телефон уурдагандар кармалды

На русском
12:50, 23-март, 2026 574

АКИpress - Бир нече уурулукка шектүүлөр кармалды, деп билдирди 23-мартта Бишкек милициясы.

Кылмыштардын бири 14-мартта Көлмө конушунда болгон. Түштө эркек киши унаасын дүкөндүн жанына токтотуп, кулпулабай кирип кеткен. Ал жок кезде унаадан уюлдук телефон жана 200 миң сом уурдалган. Андан кийин кылмышкерлер «Хендай Соната» үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен.

Бишкек милициясынын кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты. Алар буга чейин бир нече жолу соттолгон жана чөнтөкчү катары каттоодо турган 2000-жылы туулган Б.К.,  1996-жылы туулган Н.Р. жана 1991-жылы туулган Э.А. болуп чыкты. Аларды убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, алар унааны ижарага алып, шаарды кыдырып, кулпуланбаган унааларды издешкен. Кармалгандардын ушул сыяктуу 10дон ашык кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.

Ошондой эле соода борборлорунун биринде уурдалган телефондорду сатып алып, кайра сатып жүргөн жаран кармалды. Андан кылмыш жолу менен алынган болушу мүмкүн делген 9 уюлдук телефон табылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»