21:55, 23-март, 2026

Нью-Йоркто учак өрт өчүрүүчү унаа менен кагылышып, 60тан ашык адам жабыркады

На русском
12:19, 23-март, 2026 128

АКИpress - 22-мартта кечинде Нью-Йорктун Ла-Гуардия аэропортунда «Air Canada» авиакомпаниясынын учагы өрт өчүрүүчү унаа менен кагылышып, кеминде 60 адам жабыркаган. Бул тууралуу «The Mirror» басылмасы жазды.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) аба кемесиндеги өзгөчө кырдаалга байланыштуу аэропорттун ишин токтотту.

«New York Post» гезитинин билдирүүсүндө, Монреалдан учкан учак өрт өчүрүүчү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен төрт өрт өчүрүүчү өтө оор жаракаттарды алган. Кагылышуу төртүнчү учуп-конуу тилкесинде болгон. «Reuters» агенттигинин жазганына караганда, учак унааны саатына 39 км ылдамдыкта сүзгөн.

«Bombardier CRJ-900» үлгүсүндөгү учактын бортунда 100 жүргүнчү болгон, учурда алардын абалы текшерилүүдө.

Түн ичинде Ла-Гуардия аэропорту X социалдык тармагында аба ырайына байланыштуу каттамдарда мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин эскерткен. CNN билдиргендей, ошол маалда аймакта жаан жаап, туман каптап турган.

Окуя болгон жердеги сүрөт жана видеолорго караганда, учактын тумшук бөлүгү катуу зыянга учураган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»