АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Тактап айтканда маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп Айдарбекова Калперизат Айдарбековна дайындалды.
Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал эми мурдагы жетекчи Касмалиева Айсулуу Тынчтыкбековна башка ишке которулду.