01:49, 24-март, 2026

Кыргызстандын велокомандасы Словениядагы мелдеште күмүш утту

На русском
11:47, 23-март, 2026 184

АКИpress - Кыргызстандык «Локомотив-Манас» велокомандасы Словенияда өткөн мелдеште күмүш медалга ээ болду.

«Grand Prix Slovenia Istria» мелдеши 22-мартта Изола шаарында өттү.

«Локомотив-Манас» командасынын спортчусу Влас Шичкин 2-орунду ээледи, ал финиште италиялык Николо Бураттиден артта калды.

Ошондой эле мелдешке «Локомотив-Манас» командасынын мүчөлөрү Егор Егошев (9-орун), Илья Савекин (11), Марк Крючков (36) жана Виктор Бугаенко (62) да катышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»