АКИpress - Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтө турган 2026-жылкы Азия чемпионатына катышпайт.
Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин борбор калаада өтөт. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмесине кирген жок.
Шаршенбековдун мурдагы салмагы болгон 60 килограммда Курманбек Жапаров күрөшөт. Париж Олимпиадасынан кийин Жоламан Шаршенбеков 63 килограммга өткөн. Бирок бул салмакта өлкө намысын Автандил Таалайбеков коргойт.
Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону (2021, 2023, 2024) жана эки жолу күмүш байгенин ээси (2018, 2020) болгон.