21:52, 23-март, 2026

Минкаб Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик экономика макулдашуусун жактырды

На русском
10:41, 23-март, 2026 171

АКИpress - Министрлер кабинети 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы Санариптик экономика тармагындагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга корутундуну жактырды.

Тиешелүү тескемеге 2026-жылдын 18-мартында кол коюлду.

Документке ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги макулдашууну ишке ашырууну координациялоо боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды. Министрлер кабинетинин корутундусу мамлекеттик ички процедураларды жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Корутундуда белгиленгендей, макулдашуу электрондук коммерция аркылуу ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода мамилелерин чыңдоого, санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жана керектөөчүлөрдүн санариптик кызматтарга болгон ишеничин жогорулатууга багытталган.

Документ электрондук соода, электрондук соодада керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, экспресс-жеткирүү, жеке маалыматтарды коргоо жана e-commerce чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктардын өз ара аракеттенүүсү сыяктуу маселелерди камтыйт.

Министрлер кабинети макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай турганын, ошондой эле терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей турганын белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»