21:52, 23-март, 2026

Кочкор районунда Кытай компаниясына 2 га жер ижарага берилди

На русском
10:37, 23-март, 2026 376

АКИpress - Министрлер Кабинети «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» ЖЧКсына Нарын облусунун Кочкор районунда 2 гектар жерди 15 жылдык мөөнөткө ижарага берди.

2026-жылдын 17-мартындагы №173-р буйругуна ылайык, жер мамлекеттик менчик болуп саналат жана «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка максаттагы жерлер» категориясына кирет.

Ал Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын № 249 жана № 250 контурларында жайгашкан.

Документте белгиленгендей, компанияда — 100% чет элдик. Жер келишимди андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

Кочкор районунун мамлекеттик администрациясына компания менен ижара келишимин түзүү жана ижара акысын республикалык бюджетке өз убагында төлөп турууну көзөмөлдөө тапшырылды. Келишим шарттары аткарылбаган учурда, аны бир тараптуу бузуу каралган.

Буйрукта ул чечим чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзүү максатында кабыл алынгандыгы белгиленет.

КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» ЖЧКсынын жетекчиси Насырынбеков Талант Ыманбекович, ээси - Ян Цзяньшэн. Катталган күнү — 2025-жылдын 29-майы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»