11:21, 23-март, 2026

Мамлекеттик жайларды «түбөлүк ижаралоого» тыюу салуу сунушталды

На русском
08:47, 23-март, 2026 423

АКИpress - Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик «түбөлүк ижаралоону» жокко чыгаруу чечимине келди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери жөнүндө» токтомунун долбоорунда айтылат.

Агенттик 19-мартта тиешелүү өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду.

«Аукционду бир жолу утса (мүмкүн, атаандаштык аз болгон шартта), ижарачы мамлекеттик мүлктү кайрадан атаандаштык процедурасынан өткөрбөй туруп, ондогон жылдар бою ээлеп туруу укугуна ээ болот.

Ижара мөөнөтүндө кыймылсыз мүлккө болгон баанын рыноктук өсүшү 50% же андан көп болушу мүмкүн. Буга байланыштуу объектти кайра баалоонун ордуна, келишимди узартууларга чектөө коюу зарылчылыгы келип чыгат.

Аталган себептерден улам, ижара келишимдерин узартуу жол-жобосун кайра карап чыгуу сунушталат», - дейт Мамлекеттик мүлк мекемеси.

Колдонуудагы редакция Сунушталган өзгөртүүлөр
Сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу чексиз санда түзүлүшү мүмкүн. Сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашуу бир гана жолу узартылышы мүмкүн. Сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн жана кошумча макулдашуу менен узартылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, ижара объектиси кайрадан сынакка чыгарылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»