23:41, 22-март, 2026

Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн 48 саат берди. Тегеран жооп кайтарды

На русском
19:11, 22-март, 2026 1206

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ультиматум койду: 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачуу керек, антпесе өлкөнүн энергетикалык объектилерин жок кылуу менен коркутту.

«Эгер Иран Ормуз кысыгын ушул учурдан баштап 48 сааттын ичинде толугу менен ачпаса, АКШ бул өлкөнүн электр станцияларын жок кылат!», - деп жазган Трамп жекшемби куну күнү борбордук европалык убакыт боюнча саат 0:44тө Truth Social социалдык тармагына.

Ирандын армиясы Ак үйдүн башчысынын коркутуусуна дароо жооп кайтарды. «Эгерде Ирандын мунай жана энергетикалык инфраструктурасы душмандын чабуулуна учураса, АКШнын жана аймактагы бардык энергетикалык, IT жана суу объектилери бутага айланат», - деп айтылат Ирандын «Fars» мамлекеттик маалымат агенттигинде 22-мартка караган түнү жарыяланган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Иранга ультиматум коюуга болжол менен бир саат калганда Дональд Трамп «The New York Times» («NYT») маалымат каражатынын журналисти Дэвид Сангердин анализине жооп берди. Анализде америкалык президент Иранда аскердик максаттарынын көпчүлүгүнө дале жете электиги айтылган.

«Жок, мен жеттим, ал тургай пландалгандан бир нече жума мурда! Алардын жетекчилиги талкаланды, алардын флоту жана аба күчтөрү кыйратылды, алардын эч кандай коргонуусу жок жана алар келишим түзгүсү келет. Ал эми мен келишим түзгүм келбейт!», - деп жазган Ак үйдүн башчысы Truth Social баракчасында.

Ошондой эле ал АКШ Иранды жер бетинен өчүргөнүн жазды. Трамп аналитикти барксыз, ал эми гезиттин өзүн ийгиликсиз деп атады.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери дүйнөлүк мунай жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20% өткөн Ормуз кысыгы Ирандын армиясы тарабынан бөгөттөлгөн. Иран Перс булуңунун бир катар өлкөлөрүндөгү мунай объектилерине жана мунай танкерлерине да сокку уруп жатат, бул дүйнөдөгү мунай баасынын кескин жогорулашына алып келди. Ушундай шартта Дональд Трамп НАТОдогу союздаштарын сындап, аларды коркок деп атап, кысыктын коопсуздугун камсыздоого активдүү катышууга чакырды.

Эгерде Ормуз кысыгынын блокадасы июнь айынын аягына чейин уланса, дүйнөлүк экономикалык өсүш экинчи чейректе жылдык көрсөткүч боюнча 2,9 пайыздык пунктка төмөндөйт, деп эсептеди Далластагы Федералдык резервдик банк (ФРБ). Эгерде кысык ушул жылдын үч чейрегинде жабык турса, жылдын аягына чейин мунай баррелинин баасы 132 долларга жетиши мүмкүн, деп божомолдошту аналитиктер.

АКШ жана Израил 28-февралдан баштап Иранга авиасоккуларды жасап жатышат, анын натыйжасында Ирандын мурдагы лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер  өлтүрүлдү. Иран өз кезегинде Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерге ракета жана дрондорду колдонуу менен кол салууда. Ислам Республикасынын билдирүүлөрүнө караганда, бул чабуулдардын максаты аймактагы америкалык аскердик базалар болуп саналат. Ирандын соккулары Перс булуңунун бир катар өлкөлөрүндөгү мунай сактоочу жайларга жана мунай танкерлерине да тийген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»