19:58, 22-март, 2026

Кыргызстанга Черногориянын тышкы иштер министри келет

На русском
15:21, 22-март, 2026 129

АКИpress - Кыргызстанга Черногориянын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен келет.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүү, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өтөт.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулайт. Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү каралат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»