АКИpress - 21-мартта Түркиянын Стамбул шаарында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, мекендештер жана студенттер катышты.
Программанын алкагында кыргыз улуттук чатырында салттуу буюмдар көрсөтүлүп, бешбармак, боорсок сыяктуу улуттук тамак-аштар сунушталды. Ошондой эле ыр-күүлөр жана бийлер тартууланды. Башкы консулдук улуттук дасторкон жайып, 300 кишиге ылайыкталган бешбармак даярдап, чогулган меймандарды коноктоду.
Иш-чара фольклордук концерт менен жыйынтыкталды.