01:36, 22-март, 2026

Нарында шаардык милициянын жаңы имараты ачылды

На русском
18:51, 21-март, 2026 500

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 1983-жылдан бери эски имаратта иштеп келе жаткан ИИБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди бүгүнкү күнгө чейин колдон келишинче так аткарып келгенин эске салды.

Эки жыл мурда министр Улан Ниязбеков президентти Нарын шаардык милициясынын абалы жөнүндө маалымдап, жаңы имарат куруу боюнча сунуш киргизген.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы өздүк курамга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Нарын шаарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап имаратты курууга бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын берген.

“Жыйынтыгында 1 жыл 7 айдын аралыгында мына ушундай заманбап 4 кабаттуу, 1 миң 500 чарчы метрди түзгөн, ичинде бардык шарты бар жаңы имарат курулуп, бүгүн сиздер менен чогуу ачканы турабыз.

Ошону менен бирге, бүгүнкү иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объектти онлайн ачып, аларды дагы ишке киргизебиз”, - деди Садыр Жапаров.

Ал Нарын облусунда мындан башка дагы 6 жерде, Ат-Башы жана Нарын райондорунда милициянын айылдык бөлүмчөлөрү ачылып жатканын кошумчалады.

“Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан айылдык бөлүмчөлөрдүн өзгөчөлүгү - бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы башка турмуштук убаракерчилик тартпасын деп ушундай заманбап шарттарды түзүп бердик”, - деди президент.

Ал мындай имараттар онлайн режимде Баткен, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылып, ишке киргизилип жатканын айтты.

“Бүгүн заман талабына ылайыкталып курулуган имараттардын ачылышы – бир эсе коомчулукта тартипти камсыздоого көрүлгөн камкордук болсо, бир эсе ошол тартип сакчыларына дем-күч берүү болуп саналат”, - деди мамлекет башчысы.

Ал бул имараттардын ачылышы менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары бир кыйла жакшырып, элибизге ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү жумуштары жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишенимин билдирди.

Президент өз сөзүндө Ички иштер министрлиги заманбап санариптик иш ыкмаларына ырааттуу өтүп жатканын  белгиледи. Видеокөзөмөл системаларын киргизүү, ошондой эле "Санариптик милиция" жана "Коопсуз өлкө" долбоорлорун өнүктүрүү коомдук коопсуздуктун деңгээлин жана укук бузууларга ыкчам жооп кайтарууну кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын жаңы имараттарын, анын ичинде алыскы аймактарда куруу жана жабдуу укук тартибин камсыздоодо сапаттык жаңы этапты түзөрүнө токтолду.

Президент жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесинин артыкчылыктуулугуна көңүл буруп, анын мамлекеттин туруктуулугу, инвестиция тартуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн негизги мааниге ээ экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылып, аларды кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чакырды.

Садыр Жапаров иш сапарынын соңунда ИИБ кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышып, кызматтык кабинеттерди, нөөмөт бөлүгүн жана башка бөлмөлөрдү, ошондой эле жаңы имараттын инфраструктурасын көрүп чыкты.

Текшерүү учурунда ал ички иштер органдарынын ишин мындан ары санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, заманбап технологияларды киргизүү коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда негизги ролду ойной турганына токтолду.

Мамлекет башчысы укук бузуулардын алдын алууда жана окуяларга ыкчам жооп кайтарууда өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген видеокөзөмөл системаларынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Буга байланыштуу президент Ички иштер министрлигине республиканын бардык аймагы боюнча орнотулган видеокөзөмөл камераларынын санын учурдагы 5 миңге жакын камерадан 20 миңге чейин баскычтуу көбөйтүүнү жана аларды бирдиктүү мониторинг системасына интеграциялоону тапшырды.

Ошондой эле мамлекет башчысы ИИМдин жетекчилигине кайрылып, өз ишмердүүлүгүндө мыйзам ченемдерин жана адилеттүүлүк принциптерин катуу сактоого чакырып, жарандардын бийликке болгон ишеними түздөн-түз укук коргоо органдарынын калыс жана адилеттүү ишинен көз каранды экенин белгиледи.

Иш-чаранын аягында президент ички иштер органдарынын ардагерлери менен баарлашып, аларга көп жылдык ак ниет кызматы жана укук тартибин камсыздоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди, муундардын уланмалуулугун жана алардын тажрыйбасынын жаш кызматкерлерди тарбиялоодогу маанисине токтолду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»