00:42, 22-март, 2026

Бишкекте Профсоюз көчөсүндө бакча курулууда

На русском
16:39, 21-март, 2026 259

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясы Профсоюз көчөсүндө Патрис Лумумба көчөсүнөн Кара-Кум көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бакчанын курулушун текшерди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта беш воркаут аянтчасы жана балдар ойноочу жайлар болот, ошондой эле 750гө жакын бак отургузуу пландалууда. Акылдуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы да берилди.

Курулуш компаниясына техникалардын санын көбөйтүп, иштин темпин тездетүү тапшырмасы берилди.

Айрым объектилерди демонтаждоо зарыл, алардын ордуна көп функциялуу спорт аянтчасы курулат. 

Бир катар турак үйлөр тийиштүү документтери жана тиешелүү муниципалдык ишканалар менен түзүлгөн келишимдери жок эле ишкердик үчүн колдонулуп жатканы аныкталды. 

Ошондой эле бардык жаңы курулуштар боюнча документтерди текшерүү тапшырмасы берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»