23:15, 21-март, 2026

Сүрөт - Бишкектеги Ноорузга арналган салтанат

На русском
15:32, 21-март, 2026 402

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев жазгы күн менен түндүн теңелүүсү — Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Минкаб төрагасы жалпы журтка, борбор калаанын конокторуна, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө кайрылып, президенттин, Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Кыргызстан элин  эң байыркы жана өзгөчө майрамдардын бири болгон Нооруз майрамы менен куттуктады.

Минкаб төрагасы бул Нооруз майрамда улуттук чектер жок экенин, тынчтыктын, ынтымактын жана биримдиктин баалуулуктарын камтый турганын, маданияттарды бириктирип, көчмөн элдин бай мурасын сактап каларын белгиледи.

Өлкөнүн акыркы жылдарындагы жетишкендиктерине да көңүл бурулду. Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстан мамлекеттик чек арасын толугу менен жөнгө салып, бул мамлекеттүүлүктүн негизги көрсөткүчү жана азыркы геосаясий кырдаалда олуттуу жетишкендик болуп калды.

"Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо - бул биздин чоң жетишкендигибиз жана бактыбыз. Кыргызстан тынчтыктын, диалогдун жана стабилдүүлүктүн жолун тандап алган өлкө бойдон калууда", - деди ал.

Анын сөзүндө өнүгүүнүн конкреттүү көрсөткүчтөрү белгиленди. 2025-жылдын аягында  ички дүң продукт (ИДП) 2 триллион сомго жакындап, ал эми мамлекеттик бюджет 1 триллион сомдон ашты. Бул каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө, калкты колдоого жумшалууда. Белгиленгендей, 2026-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 38,5 миллиард сом бөлүнүп, 500 миңдей дыйканга колдоо көрсөтүлөт. Жыл сайын 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ишке киргизилип, 200дөн кем эмес социалдык объектилер курулуп, жол куруунун көлөмү беш эседен ашык көбөйүп, ал жылына 1000 чакырымдан ашты.

Минкаб төрагасы социалдык саясаттагы өзгөрүүлөргө да токтолду. Алгачкы төлөмү жок жана 25 жылга чейинки мөөнөт менен ипотека киргизилип, быйыл өлкө боюнча 20 миңге жакын үй-бүлө турак-жай алары күтүлүүдө.

Балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылдын 1-июнунан тарта 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк пулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан киргизилди, “Балага сүйүнчү” төлөмү да сакталып калат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап, болжол менен 200 миң адамга таасир этет.

Ошондой эле, ал азыркы коомдун баалуулуктарына да басым жасады.

“Ар бир жаран чынчылдык – күч экенин, ишеним – ресурс экенин, диалог – заманбап коомдун негизги шарты экенин – жүрөгү менен түшүнүшү керек. Баарыбыз өзгөрүшүбүз керек. Билимдүү эл гана утат", - деди Адылбек Касымалиев.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан кичинекей, бирок күчтүү тарыхы бар, тынчтык жана ынтымак жолун тандап алган өлкө экенин белгиледи.

“Ийгиликтин пайдубалы – биримдик. Биздин жол – ынтымактын жолу”, - деди Минкаб төрагасы.

Өлкөнүн башкы аянтындагы Нооруз майрамы масштабдуу маданий программа менен коштолду. Аянтта боз үйлөр тигилип, салттуу жашоо элементтери, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк, кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган чыгармачыл топтордун оюн-зооктору көрсөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»