05:20, 22-март, 2026

Путин май айында Казакстанга барат

На русском
12:37, 21-март, 2026 326

АКИpress - Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди Ак ордонун басма сөз кызматы.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Токаевди референдумду ийгиликтүү өткөргөндүгү жана Казакстандын жаңы Конституциясын кабыл алгандыгы менен куттуктады.

Президенттер эки тараптуу мамилелердин күн тартибин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин бекемдөө үчүн май айынын аягына пландалган Орусия президентинин Казакстанга мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Владимир Путин Астанада өтүүчү сүйлөшүүлөрдүн мындай баасына макул болуп, бардык стратегиялык маанилүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу мүнөзүн белгиледи.

Буга чейин Орусиянын президенти Казакстанда 2023-жылдын ноябрь айында болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»