АКИpress - Бүгүнкү күндө Нарын облусунда курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 21 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, курулуш тармагында эле учурда 143 курулуш объектиси салынууда.
«Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана баштаган жалпысы 51 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды. Мунун ичинде Нарын шаарынын борбордук көчөсү толугу менен асфальтталды», - деди өлкө башчысы.