АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы жаңыланууну, биримдикти билдирген элдик майрам — Ноорузду белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачат.