05:36, 22-март, 2026

Актер Чак Норрис дүйнө салды

На русском
09:40, 21-март, 2026 1324

АКИpress - Мушташ өнөрүнүн чебери жана «Дельта-форс», «Дайынсыз жоголгондор» тасмалары менен таанымал болгон актер Чак Норрис 86 жашында каза болду, деп билдирет «TMZ».

Үй-бүлөсү билдиргендей, ал 19-март күнү эртең менен Гавайиде каза болгон.

«TMZнын» маалыматына караганда, актер алгач ооруканага жаткырылган. 18-мартта актер менен сүйлөшкөн «TMZнын» булагы билдиргендей, өлүм күтүүсүз болгон, анткени Чак Норрис машыгып, көңүлү көтөрүңкү, шайыр маанайда болчу.

Чак Норрис 1940-жылы АКШнын Оклахома штатында туулган. 1958-1962-жылдары АКШнын аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ал эки жолу үйлөнгөн дана беш баласы болгон.

Норрис 1980-жылдардагы тасмалардагы ролдору, ошондой эле 1990-жылдардагы «CBS» телеканалынын «Уокер, Техасс рейнжер» сериалындагы техасдык рейнджер Корделл Уокердин ролу менен көбүрөөк белгилүү.

Норрис 2012-жылы «Неудержимые 2» сыяктуу тасмалардагы экинчи пландагы ролдорунан тышкары дээрлик кинолорго тартылган эмес.

Норрис бир нече мушташ өнөрү боюнча кара курга ээ болгон, 1989-жылы Голливуддун Даңк аллеясынан жылдыз алган, 2010-жылы чыныгы техастык рейнжер болгон.

Чак Норрис менен Брюс Ли көп жылдар бою тыгыз мамиледе болуп, 60-жылдардын орто ченинде чогуу машыгышканы белгилүү. Экөө тең 1972-жылдагы «Ажыдаардын жолу» тасмасына тартылышкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»