04:17, 21-март, 2026

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100%га көтөрүлөт

На русском
19:35, 20-март, 2026 530

АКИpress - 1-апрелден баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акыны 100%га көбөйөт. Бул тууралуу 20-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Мамлекет башчы калктын саламаттыгын сактоодогу дарыгерлердин ролун жогору баалап, медицина тармагынын кызматкерлерине "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекалык турак жай алууга артыкчылыктуу укук берүү, алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди», - деп белгиледи Алагозов.

Анын маалыматы боюнча, медициналык окуу жайларды жакында аяктап, эмгек жолун жаңыдан баштаган жаш дарыгерлер учурда 13 581 сом алышса, апрель айынан баштап маянасы 35 248 сомду түзөт. Ишинде тажрыйбасы бар дарыгерлердин айлыгы апрель айынан кийин жогору болот.

Мындан тышкары, алыскы жана бийик тоолуу аймактарда иштөөнү каалаган дарыгерлер үчүн айлык маяна орточо эсеп менен дагы 30%га кошумча көбөйөт.

Ошондой эле, «Дарыгердин депозити» программасынын алкагында мамлекет учурда дарыгерлерге квартал сайын 66 000 сомдон төлөп берип жатат.

Кесиби боюнча суроо-талапка ээ болгон адистиктерде (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургиялык дарыгер) иштөөнү каалаган жаш дарыгерлерге ай сайын дагы 20 000 сомдон кошумча төлөнөт.

Мындан тышкары, өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлык маянасы 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин, башкача айтканда, дээрлик 3 эсеге көбөйөт (кошумча төлөмдөр жана бийик тоолуу, алыскы аймактарда иштөө үчүн кошумча акылар эске алынбаганда).

Азыркы учурда өлкөнүн медициналык мекемелеринде түрдүү адистиктеги, медициналык билими бар дарыгерлерге муктаждык бар. Бош орундардын жалпы саны 1596ны түзөт, деп кошумчалады Алагозов.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»