23:52, 20-март, 2026

Түштүк Пакистанда катуу жаандан 17 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды

На русском
21:38, 20-март, 2026 167

АКИpress - Түштүк Пакистандын порту бар Карачи шаарында 18-мартта жааган катуу жамгырдан улам кеминде 17 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа билдирди.

Жергиликтүү бийлик жана куткаруу кызматынын маалыматына караганда, шаардын бир нече райондорунда катуу жаандан кийин шаар инфраструктурасы алсыздаган.

Дубалдын кулашынан 11 адам каза болду. Дагы 6 адам шаардын ар кайсы райондордо көз жумду.

Карачинин мэри Муртаза Вахаб шаарда жаан катуу жаап, шамал катуу согуп жатканын айтып, тургундарды сыртка чыкпай турууга чакырды. Шаар менен кошо бүтүндөй провинцияда жогорку даярдык режими жарыялады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»