18:43, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Кыргызстан менен Австрия туруктуу авиа каттам жана жүк ташууну көбөйтүү боюнча макулдашты

На русском
16:03, 20-март, 2026 217

АКИpress - 19-мартта Бишкекте Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана Австрия Республикасынын Инновациялар федералдык министрлигинин Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Тараптар Министрлер кабинети менен Австрия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашуу долбоору боюнча акыркы сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар долбоордун жоболорун талкуулап, анын акыркы редакциясын макулдашты.

Макулдашуу туруктуу авиа каттамдар, жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик, туристтик жана маданий байланыштарды бекемдөө үчүн шарттарды түзөт, деп Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен (ЖАМА) түшүндүрүштү.

Маалымат үчүн:

2025-жылдын 25-сентябрында Монреал шаарында КРнын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Австриянын Инновациялар, мобилдүүлүк жана инфраструктура федералдык министрлигинин Жарандык авиация башкармалыгынын ортосунда авиациялык жөнгө салуу чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

2025-жылдын 18-декабрында Вена шаарында «Вена аэропорту» менен «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Бул меморандум достук мамилелерди орнотууну, аэропорттор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү, ошондой эле авиациялык инфраструктураны башкаруу жана тейлөө жаатында тренингдерди өткөрүүнү жана мыкты тажрыйбаларды алмашууну караштырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»