20:46, 20-март, 2026

Кореядагы заводдо чыккан өрттөн 53 киши жаракат алып, 14 адам дайынсыз болууда

На русском
14:47, 20-март, 2026 494

АКИpress - 20-мартта Түштүк Кореянын Тэжон шаарындагы автоунаа тетиктерин чыгарган заводдо өрт чыкты. Yonhap агенттиги билдиргендей, кеминде 53 адам жабыркап, дагы 14 адам дайынсыз болууда.

Өрт тууралуу кабар саат 13:17 чамасында түшкөн. Андан кийин жергиликтүү күч жетишсиз болгондуктан, өлкө боюнча өрт өчүрүү күчтөрү мобилизацияланган. Бийликтин маалыматына караганда, өрт чыккан учурда заводдо 170 жумушчу болгон. Алардын 14ү менен азыркыга чейин байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Жабыркагандардын көбү уулуу түтүнгө ууланып же имараттан кулап жаракат алышкан. 24 адамдын абалы оор экени айтылды.

Окуя болгон жерге 200дөн ашык өрт өчүрүүчү, 90 техника жана токой кызматынын тик учактары тартылган. Заводдогу эки имараттын бири толугу менен күйүп кеткен, экинчиси болсо дагы эле күйүп жатат. Имарат кулап калышы мүмкүн болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөр ичине кире албай жатышат. Өрттү өчүрүү иштерин имарат ичиндеги 200 килограмм натрий да татаалдаштырууда. Ал туура эмес колдонулса жарылып кетиши мүмкүн. Президент Ли Чжэ Мён жабыркагандарды куткаруу жана өрттү көзөмөлгө алуу үчүн бардык күчтү мобилизациялоону тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»