АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +1...+6
күндүз +14...+19
Талас облусунда
түнкүсүн 0...+5
күндүз +12...+17
Баткен облусунда
түнкүсүн +3...+8
күндүз +15...+20
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +3...+8
күндүз +15...+20
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -3...+2
күндүз +9...+14
Нарын облусунда
түнкүсүн -2...-7
күндүз +5...+10
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +17...+19 градус болот.