АКИpress - 19-мартта саат 18:03тө Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан 38 чакырым, Баткен шаарынан 88 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер алдындагы силкинүүлөр сезилген эмес.