00:53, 21-март, 2026

Коңшу мамлекеттердин президенттери Садыр Жапаров менен кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктоодо

На русском
12:30, 20-март, 2026 419

АКИpress - Мусулмандар үчүн ыйык деп саналган орозо айынын жыйынтыкталышы - Орозо айт майрамы менен кыргыз элин жана президентин коңшу өлкөлөрдүн президенттери куттуктап жатышат:

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Биздин боордош элдерибиз кылымдар бою боорукердик менен кечиримдүүлүктүн, ынтымак менен биримдиктин символу катары кастарланып, чоң кубаныч жана шыктануу менен белгиленип келе жаткан бул улуу жана кайталангыс майрамды чыдамсыздык менен күтүп келишет. Өзгөчө белгилей кетсем, биздин биргелешкен системалуу ишибиздин жана бекем саясий эркибиздин аркасында акыркы жылдары биздин достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосундагы көп пландуу жана узак мөөнөттүү кызматташтык, стратегиялык өнөктөштүк мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады. 


Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Казакстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиздин бардык мекендештериңизди мусулман үммөтүнүн улуу майрамы – Орозо айт менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мээримдүүлүккө, кайрымдуулукка, сооптуу иштерге жана руханий баалуулуктарга толгон бул ыйык майрамда мусулман дүйнөсүндө тынчтык, ынтымак жана бир тууган элдердин биримдиги чыңдала берсин. Жараткан Аллах кармаган орозобузду жана кылган жакшы иштерибизди кабыл кылсын, баарыбызга бир Рамазандан кийинкисине аман-эсен жетүүнү насип этсин!

Бардык мусулмандардын жүрөгү жылуулукка жана кубанычка толгон бул жаркын учурда Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык каалайм!», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Бул куттуу майрамга байланыштуу эң жакшы каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз. Биздин элдер Рамазан айынын жакшы каада-салттарын жана ислам дининин чыныгы идеалдарын чагылдырган бул ыйык майрамдын руханий-адептик баалуулуктарын эзелтеден бери жогору баалап келишет. Бул майрамдын бекем баалуулуктарынын негизинде тажик-кыргыз достук, өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери сапаттык жактан жаңы бийиктиктерге жетип, эки өлкөнүн элинин үмүтүн ишке ашыруу менен мындан ары да кеңейип, бекемделе берерине ишенем.

Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн кубанычтуу болгон бул күндөрү Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубат жашоо, молчулук жана туруктуу өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Жогорку руханий баалуулуктардын – гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукерликтин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн арасында өз ара урматтоонун жана түшүнүүнүн, тилектештиктин жана тынчтыктын бекемделишине өбөлгө түзөт деп терең ишенем. Ушул ыйык майрамда Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстан элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Бардык тилектерди жана жакшы иштерди жараткан кабыл кылсын», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Жеке өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана Сиз аркылуу боордош кыргыз элин ислам дүйнөсүнүн ыйык күнү — Рамазан (Орозо айт) майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардык дуба-тилектериңиздердин жана үмүттөрүңүздөрдүн орундалышын каалайм. Терең тарыхый тамырларга, орток руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгүп, кеңейе берет деп ишенем. Бул жарык майрамда сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин деген тилектерим менен бирге, биздин тилектештигибиз менен биримдигибиз мындан ары да бекемделүүсүн Жараткандан тилеймин. Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми достош жана боордош Кыргызстан элине бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүү жана өсүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


 Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо майрамына карата Сизге эң жылуу боордоштук куттуктоолорубузду жолдойбуз. Жараткан Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргыз Республикасына, анын элине жана өкмөтүнө мындан аркы прогрессти жана гүлдөп-өсүүнү насип кылсын. Ошондой эле биздин өлкөлөрдө жана жер жүзүндө – коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук болсун», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 


Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди жана Кыргыз Республикасынын мусулман элин орозо кармагандардын сыйлыгы болгон Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Бул майрам мусулмандардын биримдигин чыңдоонун, диний жана коомдук байланыштарды бекемдөөнүн көрүнүшү, ошондой эле ыйык Рамазан айында чын ыкластан айтылган дубалар өз жемишин берген мезгил болуп саналат. Боорукерликке жана кут-берекеге толгон бул майрам аркылуу мусулман элдеринин ортосундагы тилектештик дагы да бекемделип, тынчтык менен туруктуулук орноп, ислам өлкөлөрүнүн бардык тармактардагы кызматташуусу кеңейет деп ишенем», - деп айтылат телеграммада.


Иорданиянын королу Абдалла II ибн аль-Хусейн президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айт майрамына карата Иордания Хашимит Падышачылыгынын эли жана өкмөтү мени менен биргеликте Сизге чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирет. Жеке өзүмдүн эң жакшы каалоолорумду, ошондой эле боордош элге мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өсүүнү каалаган тилектеримди кабыл алууну өтүнөм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд  Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизге эң чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду жана эң жакшы каалоо-тилектерибизди жолдоо биз үчүн чоң кубаныч. Жараткан Аллах Тааладан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү, ошондой эле бүткүл ислам үммөтүнө даңк жана улуулук берүүсүн тилейм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өз куттуктоосун Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы жолдоду. 


Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдельмажид Теббун Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айт майрамынын алдында сизге чын дилимден чыккан жылуу каалоолорумду жолдоп, бекем ден соолук жана бакыт каалайм. Кыргыз элинин мындан ары да өнүгүп-өсүшүнө терең ишеним билдирем. Кудуреттүү Алла Тааладан бизге жана бүткүл мусулман үммөтүнө ырайым, мээрим жана береке берүүсүн тилейм.

Ушул улуу майрамда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы боордоштук кызматташтыкты чыңдоого, элибиздин умтулууларын канааттандырууга жана коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук шарттарында мусулман үммөтүнүн гүлдөп-өсүшүнө жана бакубаттуулугуна салым кошууга толук даяр экенимди дагы бир жолу ырастагым келет», - деп айтылат телеграммада. 


Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктады.

«Сизди мусулмандардын ыйык майрамы — Орозо айт жана бардык түрк элдерине орток болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул улуу майрамдар элдерибиздин боордоштук, кайрымдуулук жана боорукердик салттарын жаңылап, тынчтык менен бакубатчылыкты алып келсин. Жакшы ниеттериңиздер жана жасаган сооп иштериңиздер кабыл болуп, Жараткан баарыбызга ынтымак жана молчулук берсин.

Биздин ортобуздагы өз ара сый-урмат мындан ары да бекемделе берет деп ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы өсүп-өнүгүүнү жана бакубат жашоону каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»