20:49, 20-март, 2026

Аалы Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 22-мартка караган түнү жабылат

На русском
14:13, 20-март, 2026 343

АКИpress - Бишкекте 21-март күнү саат 19:00дөн 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сүхэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкеси убактылуу жабылат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул мезгил аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»