16:46, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Видео, сүрөт — 2023-жылдан бери алгач ирет эски аянтта өткөрүлгөн айт намаз

На русском
11:09, 20-март, 2026 576

АКИpress - Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 20-март күнү эртең менен орозо айынын жыйынтыкталышы менен айт намазы өттү, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Шаар тургундары эртең мененки саат 06:00 чамасында эски аянтка чогулуп, орун ээлей башташты. Коопсуздукту камсыздоо максатында аймак милиция кызматкерлери жана Мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан курчоого алынган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 12 миңден ашуун милиция кызматкери шаардыктардын коопсуздугун камсыздады.

Айт намаз башталганга чейин аянтка мамлекеттик органдардын жетекчилери келишти. Алардын арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ошондой эле Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев болду.

Кийинчерээк аянтка президент Садыр Жапаров келди, андан соң ал мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге намаз окула турган жерге жөнөдү.

Айт намаз саат 08:50дө аяктады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»