04:11, 21-март, 2026

Жолдо мушташкан айдоочуларга катаал жаза киргизүү сунушталууда

09:58, 20-март, 2026 699

АКИpress - Депутат Бактияр Калпаев айдоочуларды жолдогу жаңжалдар үчүн айыпка жыгуу же айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну сунуштоодо. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ жол кыймылынын коопсуздугун жана айдоочулардын жүрүм-турум маданиятын жогорулатууга багытталган. Аны менен жолдо мушташууга, жаңжал чыгарууга жана башка агрессивдүү аракеттерге жоопкерчилик киргизүү сунушталган. Долбоордун авторлору акыркы жылдары Кыргызстанда, айрыкча шаарларда, айдоочулардын ортосундагы жаңжалдар көбөйгөнүн белгилейт.

Мындай учурлар жолдун ортосунда мушташка айланып, башка жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч жаратат.

Маалыматка караганда, 2025-жылы өлкөдө 8 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Анын 90,5%ы айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. Ал эми 2024-жылы 1 млн калкка кырсыктардын санын бөлгөндө Кыргызстан Борбор Азиядагы жол кырсыгы көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирген.

Документте азыркы мыйзамдар мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликти так жөнгө салбай жатканы айтылат. Ушундан улам жолдогу жаңжалдар үчүн өзүнчө жаза киргизүү сунушталууда. Мындай учурда жеке жактарга 10 миң сом айып пул салуу каралган. Эгер мындай мыйзам бузуу 1 жыл ичинде кайра кайталанса, анда 6 айга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от БАРАКЕЛДЕ (@barakeldeorg)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»