12:50, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (28 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
10:48, 19-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

«Кыргызстан улуттук электр тармактарынын» 135 млн сомдук акциясынын ээси өзгөрдү

На русском
09:47, 20-март, 2026 268

АКИpress - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз биржа фондунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-мартынан тарта «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги» мекемеси компаниянын 81 млн 596 миң 189 даана акцияларынын ээси болду. Бул компаниянын уставдык капиталынын 0,18%ын түзүп, 135 млн 34 миң 24,83 сом эквивалентинде.

Аталган өзгөрүүгө чейин бул үлүш Финансы министрлигине таандык болгон.

Өзгөрүүлөрдөн кийин 81 млн 596 миң 189 акция өлчөмүндөгү пакет анын менчигинен чыгарылды.

Ошентип, компаниянын уставдык капиталынын 0,18%дык үлүшү Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»