20:35, 20-март, 2026

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

На русском
09:15, 20-март, 2026 379

АКИpress - Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын август айында электрокабель алып келип берүүнү убадалап 1 млн 893 миң 360 сом алган боюнча дайынын билгибей кеткен. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 1988-жылы туулган шектүүнү 1 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Анын башка иштерге тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»