18:54, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
19:53, 18-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бишкектеги жаңы стадиондун айланасына 3 кабаттан бийик имарат курууга тыюу салынды

На русском
15:24, 19-март, 2026 417

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын Ленин районундагы (мурдагы Орок айылы) курулуп жаткан футбол стадионунун айланасындагы аймакты пайдалануу боюнча атайын талаптарды белгиледи.  

Стратегиялык объекттин коопсуздугун камсыз кылуу, анын иштөө жана пайдалануу режимин орнотуу максатында №120 токтом кабыл алынды.

Белгиленгендей, курулуп жаткан футбол стадионунан 500 метр радиуста, аталган токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерден тышкары, жердин деңгээлинен 20 метрден (3 кабат) бийик имараттарды долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана башкача өзгөртүүлөргө жол берилбейт.

Токтом расмий жарыялангандан кийинки 7 күндөн кийин күчүнө кирди («Эркин-Тоо» гезити, 2026-жылдын 23-февралы, № 13 (3773)).

Талаптар колдонулбаган объекттердин тизмеси:

Объекттер Бийиктиги Саны
Жайгашкан жери
1 Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастры, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин курулуп жаткан административдик имараты 6 кабат 1 Бишкек шаары, Селекция көчөсү, № 1в тилкеси
2 Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин курулуп жаткан административдик имараты 6 кабат 1 Бишкек шаары, Селекция көчөсү, № 1в тилкеси
3 Жайыл баатыр жана
Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак
Айлануучу тегирмендин бийиктиги 53 метр 1 Бишкек шаары, Алтын Бешик көчөсү, 77/5
4 Курулуп жаткан спорттук-реабилитациялык борбор 4 кабат 1 Бишкек шаары, № 21 контур
5 Курулуп жаткан футбол комплекси 3 кабат 1 Бишкек шаары, № 21, 25 контурлар

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»