АКИpress - Түркиялык инвестор Раиф Айгүн өз компаниясынын кызматкерлери тарабынан тонолгонун айтып, жалпы 35 млн долларлык чыгымга учураганын билдирди. Бүгүн, 19-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында ал өлкө башчысы Садыр Жапаров аны жеке кабыл алуусун өтүндү.
Ишкердин айтымында, ал Кыргызстанда курулуш тармагы боюнча 2006-жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Анын алгачкы долбоору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бир факультетинин имараты болгон. Тендерде анын компаниясы жеңүүчү табылып, курулушка Түркиядан 150 оор жүк ташуучу унаа менен келген материалдар колдонулган. Кийин 2008-жылы да университеттин кызматкерлерине жатакана (61 батир, 5 вилла) куруу боюнча долбоорго катышып, бирок ал алып келген курулуш материалдары долбоор документте социалдык объект катары эмес, кадимки курулуш катары жазылып калгандыктан бажы алымынан бошотулбай, ишкер 700 миң долларлык чыгымга учураган.
Ишкер колго алган долбоорлордун арасында 2009-2011-жылдары Бишкекте курулган Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараты, Токтогул/пр.Мира көчөлөрүнүн кесилишиндеги 14 кабаттуу имарат, Тыныстанов көчөсүндөгү 9 кабаттуу имарат, Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үй, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги 150 батир, 100 унаа токтотуучу жай каралган «Акун» турак жай комплекси бар. Объектти курган компаниянын менчигинде андагы пентхаустар жана батир болгон. Раиф Айгүн бул кыймылсыз мүлктөр кийин компания кызматкеринин документ жасалмалоосу аркылуу К.аттуу жарандын менчигине өтүп кеткенин айтты.
Анын айтымында, компаниясындагы көз боёмочулук ал Россиянын Сочи шаарындагы Олимпиада үчүн инфраструктура куруу менен алектенип жүргөн учурда башталган. 2015-жылы ал компаниясынын Бишкектеги филиалында бир катар материал, техника сатылганын аныктаган. Мындан тышкары кол алдындагы кызматкерлери К., Ф.И. ага компаниянын эсебиндеги акчадан мурда-кийин банктан алынбаган 8,5 млн доллар насыя төлөнгөнүн айтышкан.
«Aygün İnşaat» компаниясынын алдында «Реформстрой» жана «Стройстандарт» компаниялары түзүлгөн. Алардын биринин 80%дык үлүшүнө формалдуу түрдө ээлик кылган К. аттуу жаран документтерди жасалмалоо жолу аркылуу ага толугу менен ээлик кылып алган. Ошондой эле тартып алынган объекттердин арасында 2019-жылга чейин жабырлануучу тарабынан салык төлөнүп келген аянты 1,4 га болгон жер да бар. Ал 2017-жылы менчиктен чыгарылып кеткени аныкталган.
2016-жылы кылмыш иши козголуп, андан бери 10 жактоочусун алмаштырган ишкер, 2024-жылдан бери соттук иштерге өзү катыша баштаганын айтты. Бирок, соттук инстанциялардын баары Айгүндүн пайдасына чечилген эмес.
Ишкердин ишенимдүү өкүлү Улукбек Сүйөркулов инвестор Кыргызстандагы долбоорлор үчүн 25 млн доллар коротконун, компаниянын Түркиядагы филиалына 11 млн гана кайтарылганын, 17 млн долларлык инвестиция кайтпай калганын айтты. Анын айтымында, бул ишке кримавторитет маркум Камчы Асанбек (Көлбаевдин), УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин Бишкектин райондук прокуратура башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнүн тиешеси бар.