18:56, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
10:48, 19-март, 2026 (6 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Чүйдө 27 миң долларлык алдамчылыкка шектелген адам кармалды

На русском
13:34, 19-март, 2026 287

АКИpress - Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

13-январда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө бир жаран кайрылган. Анын айтымында, С.К. аттуу жаран андан 27 миң доллар алып, Ысык-Ата районунун Үзөң-Кыш айыл өкмөтүндөгү 82 гектар аянттагы жер тилкесин алууда, ошондой эле Лесхоздогу пайдаланылбай жаткан 200 гектар жерге документтерди тариздеп берүүдө юридикалык жардам көрсөтүүгө жана коштоп жүрүүгө убада берген. Бирок ал байланышка чыкпай калган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, 1983-жылы туулган С.К. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Милиция кармалган жарандын аракеттеринен жабыркаган жарандарды Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө же 0700 61 69 07, 0312 616 907 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»