18:33, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
15:09, 19-март, 2026 (5 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Израил Ирандын чалгындоо министрин өлтүрдү

На русском
12:34, 19-март, 2026 471

АКИpress - Ирандын чалгындоо министри Исмаил Хатиб Тегеранда Израилдин авиациялык соккусунан каза болду. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Исраэл Кац билдирди, деп жазат «Times of Israel».

Кацтын айтымында, сокку 18-мартка караган түнү жасалган.

Кац кошумчалагандай, ал жана премьер-министр Биньямин Нетаньяху аскер кызматкерлерине уруксат сурабастан Ирандын жогорку даражалуу жетекчилерин өлтүрүүнү тапшырышкан.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Эсмаил Хатибдин каза болгондугун тастыктады.

Эсмаил Хатиб Ирандын чалгындоо министри кызматына 2021-жылдын августунда киришкен. Ага чейин өлкөнүн мурдагы лидери Али Хаменеинин коопсуздук кызматынын башчысы болгон. 2012-2019-жылдары Соттук коргоо жана чалгындоо борборун жетектеген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»