10:59, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
09:15, 20-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
10:05, 20-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
20-мартка карата аба ырайы

Дональд Трамп Иранга эскертүү берди

12:01, 19-март, 2026 1055

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран Катарга чабуул жасаса АКШ «Түштүк Парс» газ кенин жардыра турганын билдирди.

Трамптын айтымында, буга чейин «Түштүк Парс» кенине жасалган чабуулдун артында Израил турат. Ал эми АКШ менен Катардын буга эч кандай катышы жок.

Трамп Иран Катардагы суюлтулган табигый газ өндүргөн заводду негизсиз жана адилетсиз түрдө аткылаганын белгиледи.

18-мартта Ирандын түштүгүндөгү «Эселуйе» жана «Түштүк Парс» мунай-газ өнөр жай объекттерине чабуул жасалган. Ирандын аскердик күчтөрүнүн өкүлү Тегеран Ирандын аймагына жасалган чабуулдарга жооп катары АКШ жана Израилдин энергетикалык инфраструктурасы талкаланарын эскерткен.

Бул чабуулдан кийин Иран Катардагы дүйнөдөгү эң ири суюлтулган табигый газ өндүрүү борбору Рас-Лаффанга чабуул жасап, «QatarEnergy» компаниясы жабыркаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»