АКИpress - Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттолуп баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Тактап айтканда 16-мартта жүгөрүнүн алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Партиянын жалпы көлөмү 25 тоннаны түзөт.
Экспорттун башталышы 2022-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун алкагында ишке ашырылды. Бул документ эки өлкө ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз түзүп, эл аралык стандарттардын сакталышын камсыздайт.
Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ.